УКМКнын маалыматына караганда, соцтармактарда "Августтун аягынан сентябрдын ортосуна чейинки бир күнү массалык башаламандык чыгат. Ал абдан катуу болуп, 3-революцияга айланышы да мүмкүн", - деген аудио тараткан аялдын ким экендиги аныкталды. 

 

"Ал Кыргызстандын жараны. Ошондой маалыматты башка бирөөдөн уга калып, жакындарына эскертип коеюн деген максатта аудио жөнөткөн. Аз убакыттан кийин анын билдирүүсү жалпы соцтармактарга жайылган. Аялга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү", - деп билдирди УКМК. 

 

Эске салсак, Кыргызстан мыйзамдарында такталбаган, жалган, улуттар, эл аралык козутууга байланышкан маалыматтарды тараткандарга кылмыш негизинде жоопкерчилик каралган.