Өмүрбек Бабановго 5 500 сом айып пул салынганын КР ИИМдин жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөөчү кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, аталган кызматтын кызматкерлери кечээ «Лексус LX 570» үлгүсүндөгү В7700АА мамлекеттик номердеги автоунаанын жол кыймылынын эрежесин бузганы үчүн протокол түзүшкөн. Автоунаанын алдыңкы капталдагы айнеги караңгылатылган. Аны айып төлөнүүчү токтотуучу жайга киргизишти. 5,5 миң сом айып пул чегерилди.
Айрым маалыматтарга караганда, бул автоунаа менен Бабанов УКМКга суракка келген жана унааны ошол жактан атайын токтотуучу жайга алып кетишкен.
Бабановдун айтымында, машиненин терезеси заводдон караңгылатылып чыгарылган, андыктан мыйзам бузган жок.