ИИМдин мурдагы орун басары Курсан Асанов суракка чакырылды. Анын жактоочусу Икрамидин Айткуловдун айтымында, күбө катары гана. 

 

 

"Курсан Асанов духун түшүргөн жок. Маанайы жакшы. Ага айып расмий тагылган жок. Суракка күбө катары чакырылды", - деди жактоочу. 

 

Курсан Асанов 13-августта ээлеген кызматынан бошотулган. ИИМ мындай чечимин Асановдун милициянын кызыкчылыгын саткандыгы жана ишенимди жоготкондугу менен байланыштырган.