Экс-премьер-министр Өмүрбек Бабанов бийлик менен эч кандай келишимге барган эмес. Бул тууралуу журналисттерге билдирди. 

 

Ал бүгүн УКМКга суракка барып келди. 

 

"Бийлик менен келишимге барсам, алар мени суракка чакырышмак эме. Мен кеткенимде баары коркок дешкен. Азыр кайтып келгенимден кийин бийлик менен сүйлөшүп алган деп башташты. Бүгүн мен президенттик кампания учурунда "Амир-Тимур" кичирайонунда сүйлөгөн сөзүм үчүн келдим. Бирок мен эч убакта улуттар аралык кагышылууга чакырган эмесмин. Мен ынтымакка чакыргам", - деди Бабанов.