"Түндүк – Түштүк" альтернативдик жолу 3 фазага бөлүнгөн. Анын курулушу 2022-жылы аяктайт. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйында белгилүү болду.
Транспорт жана жолдор министрлигинин Долбоорлорду ишке ашыруу тобунун инженер-жолчусу Замир Искаковдун маалыматына караганда, Биринчи фазада 150,9 чакырым жол жана 3,8 чакырымга жеткен Көк-Арт тоннели курулат.
Ал эми Экинчи фазадагы жолдун узундугу 99 чакырымга жетет. Ошондой эле, жалпы узундугу 1 миң 472 метрди түзгөн эстакадалык көпүрө салынат.
Үчүнчү фазадагы жолдун узундугу 69,7 чакырымды түзөт жана ал 2022-жылы курулуп бүтөт.