Мурдагы премьер-министр Сапар Исаковго жакындары менен жолугушууга уруксат берилгенин анын туугандары маалымдады. Эске салсак, жакындары Исаков менен жолугуша албай жатканын айтып даттанышкан. 

 

16-августта Исаков акыбалы оордогонунан абактан Улуттук госпиталга которулган. 

 

Бүгүн УКМК үч сааттык жолугушуу берген. Сапар Исаков менен жубайы Малика Арстанбекова жолугат.