Учурда  мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун абалы канааттандырарлык экенин   УКМК маалымдады. 

 

Анда айтылгандай, Сапар Исаков бүгүнкү күндө   дарыгерлердин көзөмөлүндө болууда жана  тиешелүү дарыланууну алып жатат.

 

 

Сапар Исаков № 2 Улуттук госпиталдын неврология бөлүмүнө 16-августта саат 16:50дө түшкөн. Коомчулукта мурдагы премьер-министр инфаркт дартына кабылды деген маалымат тараган, бирок кийинчерээк ЖАМК Исаковдун диагнозу -моюн кан тамырларынын кысылышы болгонун жарыялаган.