Экс-депутат  Өмүрбек Бабанов УКМКга суракка чакырылды. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти. 

 

Маалыматка караганда, ал президенттик шайлоодо Ош шаарындагы "Амир-Тимур" кичирайонунун жашоочулары менен жолугушуу учурунда сүйлөгөн сөзү тууралуу иш боюнча  күбө катары сурак берет.  

 

Эске салсак, Өмүрбек Бабановго карата КР Кылмыш- жаза  кодексинин 299-("Улуттук, расалык жана диний кастыкты козутуу") жана 297-беренелери ("Конституциялык түзүлүштү күчкө салып өзгөртүүгө эл алдында чакырык жасоо") боюнча кылмыш иштери козголгон.

 

Сурак бүгүн саат 15:00дө болот.