Өмүрбек Текебаевдин жубайы Айгүл Текебаева бүгүн жолдошу менен баш кошкондоруна 25 жыл толгонун Фейсбуктагы баракчасына жазды. 

 

"Чейрек кылым - бул бир эле убакта аз жана көп. Жашоо али алдыда, бирок ностальгия менен эстей турган элестер бар. Жыл өткөн сайын акыл артып, күчтүү, чыдамдуу боло баштайт экенсиң. Так ушул сапаттар жашоону башка деңгээлге көтөрөт. Бүгүн жашоодогу башкы нерсе эмне экенин так түшүнөсүң, ал - жакындарыбыз жана алардын сүйүүсү. Өмүрбек, мен бүгүн сага мен абдан бактылуумун деп айткым келип жатат", - деп жазды Айгүл Текебаева.