КСДП фракциясынын депутаты Ирина Карамушкина Фейсбуктагы баракчасына Кой-Таштагы окуяда "жарандык позициясын жана принцибине бек турганынан башка айыбы жок Атамбаевди" коргоо үчүн келген 24 жаштагы Курманбек уулу Миржан аттуу бала күч түзүмдөрүнүн огунан каза тапканы тууралуу жазып чыккан. 

 

Депутат учурда бул маалыматты партиядагы балдар иликтеп жатканын белгилеп, эгер ал чындык болсо күч түзүмдөрүнөн жапа тарткан бардык жарандарды адам укугун коргогон эл аралык уюмдарга арыз жазууга чакырган. 

 

Саламаттыкты сактоо министрлиги бул маалыматты четке какты. 

 

"Ал окуяда бир гана өлүм катталды - "Альфа" атайын бөлүктүн башчысынын орун басары Үсөн Ниязбеков каза тапты. Медициналык жардамга кайрылган жабыркагандардын арасында да Курманбек уулу Миржан деген жаран жок", - деп билдирди аталган министрлик.