Бишкекте россиялык авиациялык базанын “Кант” футбол командасы кыргыз эстрада жылдыздарынан куралган “Арт-футбол” командасы менен футболдук мелдеш өткөрөт. Бул тууралуу Бишкектеги Россиялык илим жана маданий борборунан билдиришти.

 

Мелдеш 23-августта саат 18:00дө башталат. Футболдук таймаш Россия Федерациясынын Мамлекеттик желегинин күнүнө арналган. Иш чаранын уюштуруучусу – Бишкектеги Россиялык илим жана маданий борбору Бишкек мэриясы менен биргеликте.

 

"Арт-футбол" командасынын курамында эстрада ырчылары жана театр ишмерлери  Адил Чекилов,  Ырыскелди Осмонкулов, Тынай Алыбаев, Марат Ибраев, Игорь Воронцов, Оскар Султаналиев, Атай Өмүрзаков, Нургазы Азыкбаев, Алмаз Раимжанов, Мирлан Абдыкалыков, Бакыт уулу Бекназар, Максат Мамырканов жана башкалар бар.

 

Кирүү бекер.