2019-жылдын 8-августунан 9-августуна караган түнү Аламүдүн районунун Кой-Таш айылында 7-8-августта болуп өткөн массалык башаламандык фактылары боюнча сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Атамбаев Сейит Алмазбековичтин Бишкек шаарында жашаган кайнатасы Дж.М. аттуу жарандын үйүнө тинтүү жүргүзүлдү.


Тинтүүнүн жүрүшүндө Сейит Атамбаев 8-август күнү сактап тургула деп кайнатасынын үйүнө таштап кеткен сумка табылып алынган. Ал сумкада 170 000 сом, жашаган айылдары, телефон номурлары да көрсөтүлгөн адамдардын тизмеси, ошондой эле 2 225 000 сом жана 318 000 АКШ доллары кимдерге чыгымдалганы боюнча тизме табылган. Алдын ала маалыматтар боюнча бул коротулган акчалар Кой-Таштагы митингдер менен массалык башааламандыктардын катышуучуларын каржылоого жумшалган.
Азыркы учурда бул тизмелер тыкыр иликтенүүдө жана жакынкы аралыкта бул боюнча мыйзамдуу чечимдер кабыл алынат.

 

Ошондой эле, жалпыга маалымдоо каражаттарында А. Атамбаевдин уулу Сейитбек Атамбаев катуу сабалыптыр деген маалымат тарап жаткандыгына байланыштуу, Ички иштер министрлиги ал маалыматты төгүндөө жана тактоо иретинде төмөнкүлөрдү билдирет:


Сейитбек Атамбаев Кыргыз Республикасынын ИИМдин Тергөө кызматына 8-август күнү чакырылып, суракка алынган жана ал учурда анын денесинде эч кандай жаракат болгон эмес. Эртеси, 9-августта Сейитбек Атамбаев кайра чакырылып, кошумча суракка алынганда жыгылып, бутун кокустатып алганын, андан улам Бишкек шаарынын Манас проспектинде жайгашкан травматологиялык пунктка кайрылып, медициналык жардам алганын, ал эми 7-8-августтагы окуяларда денесинен эч кандай жаракат албаганын айтып, арыз-доосу жок экенин билдирген.


Азыркы учурда Сейитбек Атамбаев денесине кандай шартта жаракат алганы иликтенүүдө.


Сейитбек Атамбаев Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодекске ылайык, сотко чейинки өндүрүштөгү иштер боюнча суракка алынууда.