Адвокат Канатр Хасанов соцтармактагы баракчасына билдирүү калтырып, мурдагы президент Аскар Акаевдин кызы Бермет Акаева бүгүн Бишкекке келгенин жар салды. 

 

Анын жазганына караганда, Акаеваны абамайдандан көргөн жана аны тосуп алууга адамдар келишкен. 

 

Спутник сайты мамлекеттик кызматтардагы булагына таянып, маалыматтын чын экенин жазып чыкты. Ага караганда, Акаева бүгүн эртең менен Москвадан учуп келген.