Бүгүн, 19-августта Садыр Жапаровдун адвокаты Шарабидин Токтосуновдун амнистия колдонуу боюнча арызынын негизинде сот отуруму болду. 

 

Токтосунов арызында "КР эгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгына карата жана 1916-жылдагы боштондук көтөрүлүшүнүн 100 жылдыгына карата амнистия" Мыйзамынын негизинде Садыр Жапаровдун  жаза мөөнөтүнүн үчтөн бирин кыскартуу боюнча өтүнүч келтирген. 

 

Адвокат Асамудинов ЖАМК сотко Садыр Жапаров жаза мөөнөтүн үч жылга кыскартуучу аминистияга илине алаары боюнча кайрылуу жасаганын айтты. Экинчи мыйзам боюнча дагы үч жыл жаза мөөнөтүнөн алынып салынмак. 

 

Бирок, сот Жапаровдун адвокатынын арызын канааттандырган жок. Экс-депутат баягыдай эле он жыл жаза мөөнөтүн өтөмөй болду.