Атамбаевдин жубайы Раиса Атамбаева Кой-Таштагы үйдөн башка үйү жоктугун, эгер ал камакка алынса уулу экөөнүн баш калаар жайы калбай турганын айткан. 

 

Жогорку Кеңештин экс-вице-спикери Кубанычбек Исабеков Вести сайтына маек берип, Атамбаеванын айтканын калпка чыгарды. 

 

 

"Анын сөзү элдин кыжырдануусун гана жаратат. Атамбаев бир нече жолу өтө бай адам экенин айткан. "Мерседес" минип жүргөнүмдө Аскар Акаев "Волга" айдачу эле", - дегенин эле эстөө жетиштүү. Атамбаев коррупцияга каршы күрөштү катуу жарыялады, бирок анын уулу энергетикалы компанияны жетектеп, элге электр энергиясын жогорулатылган баа менен сатканы эч кимге жашыруун эмес. Ал жок жерден акча жасачу", - деген Исабеков. 


 Ошондой эле ал мурдагы канайымга эгерде жашай турган башка үйү болбосо, өлкөдөгү жүздөгөн кембагалдар сыяктуу жолдун төрт кесилишине чыгып кайыр суроону кеңеш кылган.