КСДПнын төрага орун басары Кундуз Жолдубаева билдиргендей, бүгүн Биринчи май райондук соту Алмазбек Атамбаевди мыйзамсыз камагандары боюнча жактоочуларынын арызын карайт. 

 

Орун басардын айтымында, мындан мурда тергөөчү жок болгондуктан, процесс жылдырылган. 

 

Мыйзам боюнча Атамбаев сотко алынып келинет, же сот көчмө отуруму менен тергөө абагына барат. 

 

Жолдубаева сот имаратынын жанына тарапташтар чогулаарын белгиледи.