Ошто 19 жаштагы ата-энеси жок кызды 100 миң сомго сатууга камынган аял кармалды. Бул тууралуу аймактык ички иштер бөлүмүнөн билдиришти. 

 

Маалыматка караганда, милиция кызматкерлерине белгисиз бирөөлөр 2000-жылы туулган кызды сатып алуучу кардар издеп жатышканы тууралуу кабар келген. Текшерүү амалдары кабардын чындыгын ырастаган. 

 

42 жаштагы "сатуучу" Жалал-Абаддын тургуну болуп чыккан. Ал кардарларды Оштон издеген. Милиция кызматкерлери кардар кейпин кийишип, аял менен жолугушкан. 

 

Соодалашкандан кийин бааны 50 миң сомго арзандаткан. Аял кармалды. 

 

Ал эми кыз менен аялдын эч кандай тууганчылыгы болбогон. Учурда кыз менен психологдор иштешип жатышат. Милиция анын туугандарын издөөдө.