Россиянын Новосибирск облусунда кыргызстандыктар бараткан кичиавтобус жол кырсыгына кабылды. Бул тууралуу ТАСС жазып чыкты. 

 

Маалыматка караганда, каза тапкан адам Армениянын жараны. Дагы тогуз адам ар кандай жарааттарды алышкан, алардын арасында бир  кыргызстандык бар.

Тийиштүү кызматтардын маалыматы боюнча, окуя жекшемби күнү саат 23. 20да болгон. Кичиавтобустун айдоочусу рулду башкара албай калган. Кесепетинен айдоочу жана сегиз жүргүнчү жабыр тарткан. Аял тез жардамдын унаасында баратканда көз жумган.