Экс-акыйкатчы Турсунбек Акун мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин үстүнөн жазылган доо арызын артка алды. Бул тууралуу өзү билдирди. 

 

Айтымында, Атамбаевге Кылмыш кодексинин оор беренелери боюнча айып тагылып жатат. Анын арасында Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушуна катыштыгы болгондугу да бар. Ал өзүнүн кылганынын жазасын тартат. 

 

Ошондуктан, Турсунбек Акун аны менен жарандык кеп-сөз үчүн соттошууну туура көрбөдү. 

 

"Менин ар-намысыма тийип, жаманатты кылган, Батукаевди чыгарганга аралашканы үчүн жүз миң доллар пара алган деген. Бирок, мен анысы үчүн соттошкум келбей калды. Чындык өзү эле жакында чыгат", - деди Акун. 

 

 

Эске салсак, Турсунбек Акун Атамбаевден жүз миң сом өндүрүүнү ниет кылган болчу.