Кыргызстандык ажылардын алгачкы тобу мекенине кайтып келди. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти.
Маалыматка караганда, алар "Жидда-Бишкек" багыты боюнча Кыргызстанга 17-августта саат 22:28де учуп келишкен.
17-августтан 1-сентябрга чейин кыргызстандык ажылар "Жидда-Бишкек", "Жидда-Ош" жана "Медина-Ош" багыттары боюнча Кыргызстанга кайтып келишти. Жалпысынан 18 каттам уюштурулган.