Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков «Азия Ньюс» гезитин сотко берди. Анын мындай кадамын өкмөттүн аппараты ар-намысын жана кадыр-баркын коргоп жаткан менен түшүндүрдү.
Аталган гезит Жеңиш Разаковдун Тажикстан атайын кызматтарына тиешеси бардыгы боюнча макала жарыялаган. Вице-премьер-министр аны жалган маалыматка чыгарган.
Жеңиш Разаков моралдык чыгым катары гезиттен 10 млн сом өндүрүүнү көздөөдө.