2-сентябрь жумуш күнү. Бул тууралуу КРнын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги маалымдайт.

 

Эске салсак, дем алыш жана жумуш эмес майрам күндөрүн сарамжалдуу пайдалануу максатында, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 113-беренесине ылайык  беш күндүк иш жуманын графиги боюнча иштеген мамлекеттик жана муниципалдык уюмдардын, мамлекеттик бюджеттен каржыланган мекемелердин жана ишканалардын кызматкерлери үчүн  - 2019-жылдын 2-сентябрындагы дем алыш күнү 2019-жылдын 4-январындагы иш күнүнө жылдырылган.