Экс-башпрокурор Аида Салянованын баш коргоо чарасы бүгүн, 15-августта Биринчи май райондук сотунда каралып, ал үй камагына чыгарылганын депутат Алмамбет Шыкмаматов билдирди. 

 

Эске салсак, Салянова мыйзамдагы ууру Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча кылмыш ишинин алкагында камалган. 

 

КР ИИМ  Аида Салянова тергөө менен кызматташууга макулдугун бергенин билдиргенин жарыялады. Министрликтин маалыматына караганда,  15-августта мурдагы башпрокурор тергөө иштерине байланыштуу 1-убактылуу кармоочу жайдан Тергөө башкармалыгына алынып барган. Анда Салянованын жактоочусу тергөө менен кызматташуу ниетин билдирген.