Кой-Таштагы элдик штабга барып, 7-8-августта болгон окуяга мурдагы президент Атамбаевдин тарапташы катары катышкан Мадиев Фархад видео кайрылуу жасап, кыргыз элинен кечирим сурады.

 

“Мен, Баабиев Фархат Жекшенбекович, жарандык оюмду билдирип, Атамбаевди колдоо максатында Кой-Таштагы элдик штабга баргам. Бирок, 7-8-августтагы окуя менин көз карашымды түп тамырынан өзгөрттү. Буга чейин айткан сөздөрүмдү толугу менен артка алдым. Урматтуу мекендештер, мамлекеттин келечеги, элибиздин тынчтыгы үчүн ынтымакта бололу. Жеке кызыкчылыктарын ойлоп жалпы элге жамынган, карапайым калкты курал катары колдонуп, ал турмак кыргыз элин түндүк-түштүк кылып бөлгүсү келген саясатчылардын провокацияларына алдырбайлы. Мыйзамды сыйлап, ынтымакта жашоого бардык жарандарды чакырам. Провокациялык сөздөрдү айтканым үчүн кыргыз элинен кечирим сурайм”, - деди ал видео кайрылууда.

 

 

 

 

 

Фархат Баабиев буга дейре өзүн Атамбаевдин фанаты катары көрсөтүп, президент Жээнбековго акаарат келтирген. Анын бир нече күн мурдагы көз карашы кандай болгонун төмөнкү видеодон баамдай аласыздар.