Бул маалыматты «Азаттыкка» жабырлануучу тараптын жактоочусу Кайрат Загибаев тастыктады.

 

Айрым массалык маалымат каражаттары күч тармагындагы жеке булактарына таянып, Ниязбеков өзүнүн куралы менен атылганын, шектүү УКМКнын тергөө абагына киргизилгенин жазышты.

 

Атайын кызмат бул ишти Ички иштер министрлиги тергеп жатканын билдирди. Ал эми ИИМ бул боюнча кийинчерээк маалымат берилерин кабарлады.

​«Альфа» түзүмүнүн жоокери Үсөнбек Ниязбеков мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча 7-августта болгон биринчи операция учурунда ок тийип каза болгон. Анын сөөгү 9-августта Бишкектеги «Ала-Арча» көрүстөнүнө коюлду.

 

УКМКнын төрагасы Орозбек Опумбаев 13-августта Бишкекте өткөн басма сөз жыйынында соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгына таянып, Ниязбековду өлтүрүш үчүн түз эле жүрөккө атышканын айткан.