Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин уулу Кадырбек Атамбаев коомчулукка видео кайрылуу жасады. Анда, оппозицияны  азыркы бийликке мыйзамдын чегинде каршы турууга үндөдү.

 

Кадырбек Атамбаев  7-8-августтагы Кой-Таштагы окуяларды «оппозициялык күчтөрдү жок кылуунун жеткен чеги» деп баалады.  

 

«Бирок бул биздин ар бирибизге келип, байлап кеткиче күтүп турушубуз керек, колубузду куушуруп олтурушубуз керек дегенди түшүндүрбөйт. Бул Кыргызстандагы бардык оппозициялык топтор биригиши керек экендигин билдирет. Бардык оппозициялык күчтөр биздин өлкөнүн келечеги бутада турганын аңдашы керек. 2020-жылкы парламенттик шайлоодо биз – оппозициялык күчтөр утулбашыбыз керек. Биз бүгүн болуп жаткан диктатуранын өзөгүнө каршы туруп, легалдуу түрдө аларга атаандаш болушубуз керек», деди ал.

 

Кадырбек Атамбаев мындан сырткары буга чейин массалык маалымат каражаттарына чыккан маегиндеги сөзүн кайталап, атасы бийлик тарабынан жасалган чагымдын курмандыгы болуп калганын белгиледи.

 

Алмазбек Атамбаев 8-августта ИИМдин атайын операциясынан соң камакка алынган. Бишкектин Биринчи май райондук соту 9-август күнү аны кримтөбөл Азиз Батукаевдин иши боюнча кылмышка шектүү катары караган тергөө материалдарынын негизинде бөгөт чарасын аныктап, 26-августка чейин абакта кармоо тууралуу чечим чыгарды.

 

13-августта Атамбаевге «Киши өлтүрүү», «Куралды мыйзамсыз жүгүртүү», «Массалык башаламандык уюштуруу» деген бир нече оор берене боюнча кылмыш иштери козголду.

 

Кой-Таш айылында 7-8-август күндөрү Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясында «Альфанын» бир жоокери курман болуп, жалпысынан 136 адам жаракат алган.

 

 

Добавить комментарий

ПРАВИЛА РАЗМЕЩЕНИЯ КОММЕНТАРИЕВ:
1) Не допускайте в комментариях лексику, считающуюся ненормативной.
2) Не обсуждайте и не оскорбляйте личность автора статьи или авторов комментариев.
3) Не размещайте в поле комментария статьи других авторов или ссылки на них.
4) Комментируя статью, не отклоняйтесь от ее тематики и не размещайте в комментариях рекламную информацию.
5) Не допускайте в комментариях разжигания религиозной или межнациональной вражды, а так же сведений, заведомо не соответствующих действительности.
ПРИМЕЧАНИЯ: - Авторы публикаций не вступают в переписку с комментаторами и не обсуждают собственные с материалы. - Редакция не несет ответственности за содержание комментариев. АДМИНИСТРАЦИЯ САЙТА ПРЕДУПРЕЖДАЕТ - КОММЕНТАРИИ ПОЛЬЗОВАТЕЛЕЙ, СИСТЕМАТИЧЕСКИ ГРУБО НАРУШАЮЩИХ РЕКОМЕНДАЦИИ КОММЕНТИРОВАНИЯ СТАТЕЙ, БУДУТ УДАЛЯТЬСЯ НЕМЕДЛЕННО!


Защитный код
Обновить