Экс-депутат Садыр Жапаровдун апелляциялык арызы боюнча кароо 19-августка белгиледи. Иш Чүй облустук сотунда каралат.

 

Бул тууралуу адовкат Шарабидин Токтосунов билдирди.

 

Айтымында, иш мыйзам чегинде каралса экс-депутат эркиндикке чыгаары анык. 

 

"Садыр Жапаровдун иши мурда өтө оор кылмыш деп көрсөтүлгөн. Быйыл күчүнө кирген жаңы кодекстерге ылайык оор кылмыштарга кирди. Андан тышкары айыптоодогу бир берене алынып салынды. Ошондуктан, анын аракеттери 2014-жылдын 27-январында чыккан мунапыс жөнүндөгү мыйзамга туура келет. Демек,  жазасынын үчтөн бири - үч жыл төрт айы кыскарылышы керек. Буга чейинки олтурганы алты жылдан өтөт, натыйжада ал шарттуу түрдө бошотулушу керек", - деди адвокат.