УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев кечээ, 13-августта ИИМге барып, сурак берди.

 

Бул тууралуу өзү билдирип, сурак 7-8-августта Кой-Таш айылында болгон окуяларга байланыштуу болгонун жарыялады. Ошондой эле мурдагы төрага укук коргоо кызматтарынын ага карата дагы суроолору жаралса, келип көрсөтмө берүүгө даярдыгын белгиледи. 

 

Ал ИИМ тарабынан суракка 11-августта чакырылган. Мурдагы төрага Кой-Таш окуясында Атамбаевдин үйүндө болуп, бутунан жараат алганы белгилүү болгон.