УКМКга жана ИИМге «Апрель» телеканалынын директору Дмитрий Ложников сурак берди. Сурак беш сааттан ашык созулганы аталган телеканалдын сайтында жазылды.
Анда жазылгандай, Ложников сурактан 13-августка караган түнү 23:00 чамасында чыккан. Ал эми өзү көрсөтмө бергенин мындайча билдирген:
“УКМК менен ИИМдин Тергөө кызматына сурак - маектешүү деп атасак деле болот - бердим. Андан кийин ИИМдин Криминалдык милиция кызматында болдум. Мен көргөн-билгендерим тууралуу айтып бердим, түшүндүрдүм”.
ИИМ 7-8-августтагы окуяларды обьективдүү иликтөө үчүн ага катышы барлардын баары суракка чакырылаарын жарыялаган.