Буга чейин айрым маалымат каражаттары Сегизбаевдин Кой-Таштагы окуяларга байланыштуу камакка алынганын жазып чыгышкан эле. Бирок УКМКнын мурдагы төрагасынын жакындары бул маалыматты четке кагып, милиция кызматкерлери ИИМге чакыруу тапшыруу үчүн гана келгенин кабарлашты. Азырынча кайсы иш боюнча жана ким катары чакырылганы белгисиз.

 

Айрым маалымат каражаттары Сегизбаев 11-августта эле ИИМде сурак бергенин жазышты. Бирок милиция бул маалымат туура эмес экенин билдирди.

Абдил Сегизбаев 7-августта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди УКМКнын «Альфа» ыкчам бөлүгү кармаганы барган учурдагы кагылышта жаракат алып, ооруканага жеткирилген эле.

 

Учурда 7-8-августта Кой-Ташта болгон окуялар боюнча президенттик аппараттын мурдагы башчысы Фарид Ниязов, КСДПнын мүчөлөрү Алга Кылычов, Кыяз Исмаилов жана Амантур Жамгырчиев 8-октябрга чейин камакка алынган. Атамбаевдин бир нече тарапкери ИИМге күбө катары сурак берүүдө.

Айрым маалыматтар боюнча, 7-8-августта Кой-Таштагы Атамбаевдин үйүндө болгон кандуу окуянын уюштуруучуларынын бири да Абдил Сегизбаев болгон.

 

 

 

Булак: “Майдан. kg” гезити