Билдирүүдө айтылгандарга караганда, Кой-Таштагы окуялардын жүрүшүндө мурдагы президент жана анын тарапташтары менен ички иштер министри Кашкар Жунушалиев эки жолу сүйлөшүүнү жүргүзгөн, анда Алмазбек Атамбаевдин кан төгүлбөстөн колго түшүп бериши керек экендиги жана бардык маселелер укук талаасында чечиле тургандыгы баса белгиленген. Атамбаев сүйлөшүүнүн шарттарына макул болбой, атышууга даяр экендигин билдирген.

 

Министр атышуу жакшылыкка алып барбай турганын белгилеп, өз эрки менен колго түшүп берүүсүн айтуу менен бирге абалды курчутпоону талап кылып, Атамбаевге 10 мүнөт убакыт берген. Сүйлөшүү жүрүп жаткан учурда Алмазбек Атамбаевдин жанында Кундуз Жолдубаева, Фарид Ниязов, эки жансакчысы жана 25-30 жаштардагы жигит болгон. Жолдубаева «алар чыкпай турганын, каршылык көрсөтөрүн» айткандан кийин гана штурм жасоого мажбур боло тургандыгы эскертилип, дагы үч мүнөт убакыт берилген.

 

Министрликтин басма сөз кызматы тараткан билдирүүдө, Атамбаев жана анын тарапташтары министрдин койгон талаптарына макул болуп чыгууга даярданып калган кезде, жеке кызыкчылыгын көздөп, өзүнө бекитилип берилген коомдук тартипти сактоо боюнча сырттагы кызматтык ордун таштап Курсан Асанов Атамбаев менен сүйлөшүүгө кирип кеткени айтылат.

 

Кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгында Асанов өзүнүн телефонун ошол жердеги кызматкерлерге берип окуялардын жүрүшүн тарттыргандыгы кызмат ордун таштап, пиар менен алектенүү катары бааланган. Билдирүүдө белгиленгендей курал-жарактарды криминалисттик-эксперттик кызматкерлер гана кароого ала тургандыгына, фото-видеону атайын кызматкерлер гана тарта тургандыгына карабастан кызматтык милдеттерди аткарууда кемчиликтерге жол бергендиги аныкталгандыгы анын кызмат ордунан бошотуу боюнча чечим кабыл алууга негиз болгон.

 

13-августта премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин буйругу менен ички иштер министринин (ИИМ) орун басары Курсан Асанов кызматынан бошотулган. Расмий кабарда ал 7-8-августта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо ичурунда «милициянын кызыкчылыгын сатканы» белгиленген. Асанов өзү «колунан келгенин кылганын, ага коюлган айыптар менен таанышпаганын билдирген».

 

Добавить комментарий

ПРАВИЛА РАЗМЕЩЕНИЯ КОММЕНТАРИЕВ:
1) Не допускайте в комментариях лексику, считающуюся ненормативной.
2) Не обсуждайте и не оскорбляйте личность автора статьи или авторов комментариев.
3) Не размещайте в поле комментария статьи других авторов или ссылки на них.
4) Комментируя статью, не отклоняйтесь от ее тематики и не размещайте в комментариях рекламную информацию.
5) Не допускайте в комментариях разжигания религиозной или межнациональной вражды, а так же сведений, заведомо не соответствующих действительности.
ПРИМЕЧАНИЯ: - Авторы публикаций не вступают в переписку с комментаторами и не обсуждают собственные с материалы. - Редакция не несет ответственности за содержание комментариев. АДМИНИСТРАЦИЯ САЙТА ПРЕДУПРЕЖДАЕТ - КОММЕНТАРИИ ПОЛЬЗОВАТЕЛЕЙ, СИСТЕМАТИЧЕСКИ ГРУБО НАРУШАЮЩИХ РЕКОМЕНДАЦИИ КОММЕНТИРОВАНИЯ СТАТЕЙ, БУДУТ УДАЛЯТЬСЯ НЕМЕДЛЕННО!


Защитный код
Обновить