Бүгүн Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин буйрутмасы менен ички иштер министрлигинин орун басары. милициянын генерал-майору Курсан Асанов ээлеген кызматынан бошотулду.


Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин ички иликтөөлөр кызматы 7-8-августтагы окуялардын жүрүшүндө массалык башаламандыктардын алдын алууда, коомдук коопсуздукту сактоодо, А.Атамбаевди кармап алып келүүгө багытталган иш чаралардын жүрүшүндө ички иштер министринин орун басары Курсан Асановдун ишмердүүлүгү боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүлдү.


Кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы менен милициянын кызыкчылыгын саткандыгы жана ага карата ишенимдин жок болгондугу аныкталгандыгы үчүн ИИМдин орун басарлык кызматынан Курсан Асановду бошотуу тууралуу сунуш берилген. Учурда кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына юридикалык баа берүү үчүн жиберилди.
 

Эске салсак, мурдагы президент Атамбаевди кармоо операциясын учурунда Атамбаев менен Курсан Асанов сүйлөшүү жүргүзүп, өз эрки менен колго түшүүгө көндүргөн.