Атамбаев жана анын тарапташтары менен күч түзүмү эки ирет сүйлөшүү жүргүзгөн. Ал жердеги элди ызы-чууга салбай, мурдагы президентти өз эрки менен сыртка чыгуусун суранышкан, бирок Атамбаев көнгөн эмес. 

 

Бул тууралуу ИИМ башчысы Кашкар Жунушалиев маалымат жыйынында билдирди. 

 

Айтымында, ал сүйлөшүү жүргүзгөн учурда мурдагы президенттин жанында Фарид Ниязов, Кундуз Жолдубаева жана дагы бир 25-30 жаштар чамасындагы эркек жаран бар болгон. 

 

"Мен ага ойлонууга он мүнөт убакыт бердим. Өз эрки менен сыртка чыгуусу керектигин, ок атуучу куралдарды колдонуу жакшы эместигин эскерттим. Жолдубаева каршылык көрсөтүшөөрүн, биздин талапка макул эместигин айтып жооп кайтарды. Ойлонууга дагы үч мүнөт убакыт бердим", - деген министр жыйынтыгында Атамбаев мажбурлоо жолу менен кармалганын белгиледи.