7-8-августта Кой-Таш айылында орун алган окуя жана анын кесепеттери боюнча жалпысынан сегиз кылмыш иши козголду. Анын жетөө мурдагы президенттин тарапташтарына болсо, бири Атамбаевдин өзүнө. 

 

Бул тууралуу башпрокурор Өткүрбек Жамшитов маалымат жыйынында билдирди. 

 

"Мурдагы президенттин тарапташтарына массалык башаламандыкты уюштуруу, барымтага алуу беренелери боюнча айып тагылып жатат. Ал эми Атамбаев массалык башаламандык уюштуруу, адам өлтүрүү жана адам өлтүрүүгө аракет жасоо беренелери менен шектелүүдө", - деди Жамшитов. 

 

Айтымында, окуяны иликтөөгө мекемелер аралык комиссия түзүлгөн жана курамына тергөөчүлөр кирген.