Москвада жашап иштеп мыкты ийгиликтерге жетишип жаткан мекендештерибиздин бири – Болот Ташболотов.

 

Ала-Бука районунун кулуну Болот Нурмат уулу 1995-жылы Кыргыз улуттук университетинин экономика факультетин аяктап, эмгек жолун  соода-сатык  жасоо менен баштап, 2002-2005-жылдарда Кыргыз Республикасынын президентинин кайтаруу кызматында иштеген. 2005-жылдагы революциянын алдында Москвага барып, бизнеске киришкен. Ал жетектеген “Кел-Кел” кафеси жана рестораны Россиянын борбор шаарындагы кыргыздардын эң көрүнүктүү эс алуу орунуна айланган.

 

 

Ташболотов коомдук жумуштарга активдүү катышат. Москвадагы мекендештерибиздин “Кыргыз биримдиги” коомдук бирикмесинин аткаруу комитетинин белдүү мүчөсү, “Ала-Бука” уюмунун башчысы. Анын уюштуруусу менен Москвада ар кандай кызыктуу иш чаралар өткөрүлүп турат.

Болот Нурмат уулу – көп кырдуу талант ээси. 90-жылдарда жубайы Шааркан Айдарова экөө Москвадагы кино институтуна (ВГИИК) тапшырышып,  бирок ошол кезеңдеги каатчылыктын айынан окууларын уланта алышкан эмес. Антсе да жан-дүйнө дымагы тынчтык бербей, жаш талант Ала-Бука райондук маданият кызматкери катары элге оюн-күлкү тартуулаган. Өзү обон чыгарып, жубайы Шааркан экөө аткарган ырлар азыр да социалдык тармактарда уккан-көргөндөрдү тамшандырууда.

 

Ошондой эле, бир катар белгилүү  кино фильмдерде маанилүү ролдорду аткарып келатат. Орус кино жылдыздары Панкратов-Чёрный, Александр Песков менен бирге “Москва сүйүүсүндө” Кыргызстандын маданият министринин, “Төңкөрүш” тасмасында Москвадагы кыргыз ишкерлеринин жетекчисинин кейипкерлерин ийине жеткире аткарган.

 

 

Россия президенти В. Путин тууралуу кыргыз тилиндеги “Владимир Путин” китебинин башкы демөөрчүсү  катары Москвадагы бет ачаарды уюштургандыгы орус басма сөздөрөндө дүң болгон.

               

Үлгүлүү үй-бүлө ээси. Жубайы Шааркан Айдарова Москвадан психология боюнча жогорку билимге ээ болуп, мурда өзү менен кошо ырдап жүрсө, кийин “Кел-Келди” Москвада мекендештерибизге гана эмес, башка улут өкүлдөрүнө  да кошо таанытышты.

               

Ал эми алардын уулу Бахтияр Ташбулатов Москвадагы бирден-бир белгилүү Россиянын элдердин достугу университетин(РУДН) аяктады. Институттун КВН боюнча курама командасына катышып, азыр ОРТ теле каналында КВНчи болуп кызмат аткарууда. Ал катышкан оюндар Россиялык популярдуу ОРТ телканалында байма-бай көрсөтүлүп келет.  Бахтияр 2013-жылы кыргыздын “Москва сүйүүсү” тасмасында башкы каармандын досунун ролун аткарса, быйыл Россиялык “Ильинский рубеж” тасмасында аскер курсантынын кейипкерин жаратып, азыр белгилүү  кино актёр Вдовиченко менен “Юность” теле сериалында бурят пионер вожатыйы Тумындын ролун аткарууга даярданууда.

 

 

Кызы Милана Москвада жогорку билим алып жатат. Лиана болсо, Москва мектебинде 2-классты аяктады.

 

 

Ал эми Бахтиярдын жубайы Альбина Москвадагы мамлекеттик индустриялык институтту бүтүргөн. Бахтияр менен Альбина кыздуу болушуп, Болот менен Шааркан бактылуу чоң ата, чоң эне болушту.

 

 

 

 

Кыргыз үй-бүлөсүнүн алыскы мегаполистеги мындай маңдай жарган ийгиликтери элибизди чындап кубантат жана сыймыктантат. Мындай билимдүү, үлгүлүү инсандар  алыста, башка улут өкүлдөрүнө элибиз, улутубуз тууралуу жакшы пикир жаратып жатышкандыгы ого бетер алгылыктуу жышаан.

Бактылуу жана сыймыктуу үй-бүлөгө жаңы ийгиликтерди жана кубанычтарды каалайбыз.