Жакынкы арада Кыргызстанда аба ырайы кескин өзгөрөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борборунан билдиришти. 

 

Маалыматка караганда,  14-15-август күндөрү жана 16-августта түнкүсүн Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшөйт. Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаайт.

 

15-августта күндүз жана 16-августта түнкүсүн бийик тоолуу райондордо жаан карга айланышы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 17-22 метрге жетиши мүмкүн. Абанын күндүзгү температурасы кескин төмөндөйт.

 

Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.