Өмүрбек Бабанов Кыргызстанга кайтып келгенден кийин кичи мекенине барды. Жогорку Кеңештин депутаты, Бабановдун партиялашы Руслан Казакбаевдин айтымында, бул экс-депутаттын эки жылдан бери ата турагына биринчи жолу келүүсү. 

 

"Талас эли аны абдан жылуу кабыл алышты. Жашоочулар аны Талас облусуна кире бериш жерден күтүп алышты, андан кийин Манас-Ордодо да чогулгандар болду. Кыргыздын салты боюнча ал жерде мал союп, түлөө өткөрүштү. Бир жарым сааттай ал жерде болуп, андан соң Бабанов Чолпонбай айылына барды. Өмүрбек Бабановду жаш баладан аксакалга чейин чыгып тосуп алышты", - деген депутат элдин баары экс-депутаттын кайтып келгенине кубанганын белгиледи. 

 

 

Өмүрбек Бабанов 2017-жылы октябрь айында президенттик шайлоодон кийин Кыргызстандан чыгып кеткен. Ошону менен 9-августта кайтып келди.