Биринчи май райондук соттун чечими менен КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү, журналист Мирбек Айтикеев 10-октябрга чейин камакка алынды. Бул тууралуу аталган партиянын өкүлдөрү кабарлашты. 

 

Азырынча ал кайсы иштин негизинде камакка алынганы ачыктала элек. 

 

Буга дейре мурдагы президент Атамбаевдин бир катар тарапташтары камакка алынган. Дагы бир тобу суракка чакырылды. Алардын басымдуусу атайын кызматтын жоокерлерин барымтага алуу иши боюнча айыпталышууда. 

 

7-8-августта мурдагы президент Атамбаевди кармоо операциясы учурунда анын тарапташтары менен күч түзүмүнүн ортосунда кагылышуу болгон.