Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Самат Курманкулов кечээ, 12-августта Москва шаарына жөнөтүлдү. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти. 

 

Маалыматка караганда, аны жубайы жана аталган министрликтин министринин орун басары Мадамин Каратаев коштоп кетишти. 

 

Самат Курманкуловдун акыбалы оор, бирок туруктуу. Ал дагы деле жасалма дем алдыруучу аппаратта жатат, бирок жолго жүрүүгө болот. 

 

Министрлик жана дарыгерлер Курманкуловду сактап калууга бүт күч-аракетин жумшашканын басма сөз кызматы белгилейт. 

 

"Москвалык кесиптештер келип текшергенден жана онлайн-консилиумдан кийин биз аны дарылоону Москвадан улантууну чечтик. Москва шаарындагы Н. Н. Бурденко атындагы нейрохирургия борборунда дарыланат. Мындан аркы дарылануусу да Саламаттыкты сактоо министрлигинин көзөмөлүндө болот", - дейт аталган министрликтин басма сөз кызматы. 

 

Эске салсак, Самат Курманкулов 7-8-августта мурдагы президент Атамбаевди кармоо операциясы учурунда жараат алган.