Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Самат Курманкуловду дарылоо Москвада уланат. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти. 

 

Маалыматка караганда, Бишкекте травматология жана ортопедия илимий-иликтөө борборунда консилиум болду. Ага медициналык илимдердин докторлору, Н.Н. Бурденко атындагы нейрохирургия Борборунун нейрорениматологу Александр Полупан жана ушул эле болбордун нейрохирургу Ярослав Латышев катышты. 

 

Текшерүү учурунда бейтапка нейрохирургиялык ыкманы кайталоо талап кылынбашы белгилүү болду. Интенсивдүү терапияны гана күчөтүү керек. Консилиумдун жүрүшүндө Самат Курманкуловду мындан ары дарыланууга  Москвадагы Н.Н. Бурденко атындагы нейрохирургия Борборуна которуу чечими кабыл алынды. 

 

Бейтаптын акыбалы бир топ турукташты, андыктан жол жүрүүгө болот. Учурда маселе чечилүүдө.