Мурдагы президент Атамбаевдин тарапташтары журналист Назгүл Мамытова менен жолдошу Фархат Борукеев УКМКга суракка чакырылды.
Бул тууралуу мыйзамсыздыкка каршы элдик штабдан билдиришти.
Маалыматка караганда, аларды кечээ, 11-августта саат 12:00дөр чамасында үйүнөн алып кетишип, УКМКга алып барышкан. Кайсы кылмыш иштин негизинде сурак болгону белгисиз.
Соцтармактарда Фархат Борукеев Кой-Таш айылындагы 7-8-августта болгон окуяда атайын кызматтын кызматкерин темир менен башка чапкан деген маалымат таратылып, сүрөтү да жүктөлдү.