Президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Фарид Ниязовду Биринчи май райондук сотуна алып келишти. Анын баш коргоо чарасы каралат. 

 

Ниязов менен чогуу Кыяс Смалиев, Алга Кылычев жана Кыяс Смалиевди да алып келишти. 

 

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы 7-августта башталып, 8-августта кармалган. Аны кармоо учурунда тарапташтары каршылык көрсөтүп, эки жакта тең жабыркагандар болгон. Атайын күч кызматынын бир кызматкери каза тапкан жана бир нече кызматкер мурдагы президенттин тарапташтарынын барымтасында калган.