Соцтармактарга КР ИИМдин басма сөз кызматынын башчысынын орун басары Карима Аманкулованын кесиптештерине жана милициянын ардагерлерине кайрылуусу тараган. Анда, кызматтык милдетин аткаруу учурунда жараат алып, учурда өтө оор абалда ооруканада жаткан Самат Курманкуловдун үй-бүлөсүнө каржылык жардам берүүнү суранган. 

 

"Бул кесиптештер, кесиптик достор жана жолдошторго кайгыга туш келген үй-бүлөгө жардам колун сунууга чакырык гана болгонун баса белгилейбиз. Курманкуловдордун үй-бүлөсүнүн кайгысынан туура эмес тыянак чыгарбаңыздар, ансыз да бул үй-бүлө азыр жашоосундагы эң оор учурда өткөрүп жатышат. Анын өмүрү үчүн тажрыйбалуу дарыгерлер күрөшүүдө, ал учурда тажырбайлуу дарыгерлердин көзөмөлүндө, кыргыз медицинасынын жарыктары Сабырбек Жумабеков менен Миталип Мамытовдун текшерүүсүнөн өттү. Керектүү дарылануунун баарын толугу менен алып жатат, дары-дармек менен толук камсыздалган. Кыргызстандан тышкары жактарда дарылануу зарыл болсо КР Саламаттыкты сактоо министрлиги зарыл чаралардын баарын жасайт", - деп билдирди ИИМ.