УКМКнын Чүй облустук бөлүмүнүн кызматкерлери Кой-Ташка барышып, Атамбаевдин иниси Нурбек Шаршеновду алып кетишти. Бул тууралуу КСДпнын төрагасынын орун басары Кундуз Жолдубаева билдирди. 

 

Айтымында, жарандык активист Кундуз Ажибекованы да алып кетишкен. Азырынча, аларды камаштыбы, же мажбурлоо түрүндө суракка алып барыштыбы белгисиз болуп жатканын Жолдубаева белгиледи. 

 

Ошондой эле, кайсы иштин негизинде аталган жарандарга коопсуздук кызматынын суроосу бардыгы да ачыктала элек. 

 

Буга дейре Атамбаевдин төрт тарапташы кармалды. Алар: Фарид Ниязов, элдик штабдын башчысы Кыяс Смалиев, Алга Кылычев жана Амантур Жамгырчиев.