Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришкендей, Кой-Таштагы окуядан жабыркаган он төрт адам ооруканадан чыгарыла элек. Алардын арасынан Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Самат Курманкулов өтө оор абалда. Калган жабыркагандардын акыбалы турукташты.
Кой-Таштагы окуя учурунда ооруканага 100дөн ашуун адам кайрылган. Алардын көбү текшерүүдөн кийин амбулатордук дарыланууга чыгарылган.