Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин мүлктөрү сотко чейинки өндүрүштүн алкагында камакка алынганын ИИМден билдиришти. 

 

Маалыматка караганда, "Медиа Форум"  ААКсын жана "Апрель ТВны" камакка алууга сот чечим чыгарган. 

 

Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары суракка алынат. Бул КР мыйзамдарына ылайык, тергөө амалдарын мындан ары жүргүзүү үчүн зарыл. 

 

 

Эске салсак, 7-августта УКМКнын атайын кызматы Атамбаевдин Кой-Таштагы резиденциясына чабуул жасаган. Эки күнгө созулган карама каршылыктан кийин мурдагы президент колго түшүп берген. Каршылашуудан бир нече адам жабыркап, бир адам каза тапкан. 

 

Атамбаев 26-августка чейин камакка алынган.