Чүйдүн Беш-Күңгөй айылындагы милиция бөлүмүнүн имараты өрттөлдү. Бул тууралуу 9-августта облустук ички иштер башкармалыгы кабарлады.

Мекеменин басма сөз кызматы билдиргендей, өткөн түнү жаалданган топ коомдук тартипти бузуп, жол боюндагы машинелердин айнегин талкалаган. Учурда талкаланган жана өрттөлгөн машинелердин саны, Беш-Күңгөй милициясынын имаратына келтирилген материалдык зыяндын суммасы такталып жатат. Жеринде ыкчам топ иштөөдө.

8-августта Ички иштер министрлиги мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди Кой-Таштагы үйүнөн кармап кетти. Ага чейин ал кримтөбөл Азиз Батукаевдин 2013-жылы түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу кылмыш ишинин алкагында үч жолу суракка чакырылып, барбай койгон. Атамбаевдин тарапкери деген 500-600дөй адамдан турган жаалданган топ Кой-Таштан бери Бишкекке жөө келген.

Беш-Күңгөй - Кой-Ташка жакын айылдардын бири. 

"Азаттык"