Түркмөнстанда коммуналдык кызмат үчүн карызы жок экенин тастыктаган маалымкаттарды талап кылуу учурлары көбөйдү.

“Азаттыктын” түркмөн кызматынын Мары облусундагы кабарчысы кабарлагандай, шаардык акимчиликтин кызматкерлери документ жана маалымкат үчүн кайрылган жарандарга коммуналдык кызмат акысы төлөнгөнү тууралуу дүмүрчөктөрдү көрсөтүү зарыл экенин айтышууда.

Маалыматтарга караганда, ЗАГС бөлүмү никеге туруу, ажырашуу, жарандардын төрөлгөнү, өлгөнү тууралуу күбөлүктөрдү да газ, свет, сууга карызы жокторго гана берүүдө.

​Түркмөнстан бийлиги коммуналдык кызмат үчүн карызы барларды аныктоо жана береселерди мажбурлап төлөтүү чараларын күчөтүүнү улантууда. Лебап жана Мары облусунун мамлекеттик мекеме-ишканаларынын кызматкерлерине коммуналдык карызы жок экенин тастыктаган маалымкат көрсөткөн учурда гана маяна алышары кабарланды.