Тажикстанда Куляб аймактык соту эки баласы менен күйөөсүн ууландырып өлтүргөн аялды 24 жылга кести.

Тергөөнүн маалыматына караганда, Мавлуда Одилова үй-бүлөсүн айыл чарбачылыгында пайдалана турган аммиак селитрасы менен ууландырган. Бул тууралуу “Азаттыктын” тажик кызматынын соттогу өз булагы билдирди. Анын айтымында, Одилованын үч жана алты жаштагы эки баласы менен күйөөсү өткөн жылы уу кошулган тамактан ажал тапкан.

“Сот айыпталуучунун кичинекей баласы бар экенин эске алган. Мавлуда Одилова жалпы режимдеги колонияда жазасын өтөйт”, – деди өз булак.

Соттолуучунун туугандары өкүмгө карата пикир билдирүүдөн баш тартышты.

Буга чейин шектүүнүн апасы Муслима Холова кызы күнөөлүү эмес экенин, себеби ал өзү да ууланып, ооруканага түшкөнүн айткан. Мавлуда Одилова тергөөчүлөргө балдары менен күйөөсүнө кастык жасоону ойлобогонун билдирген.

“Одилова күнөөсүн мойнуна алган, бирок кийин айткан сөздөрүнөн баш тарткан. Прокуратура анын киши ууландырууга тиешеси бар экенин аныктаган соң, Одилова камакка алыган”, – деди өз булак.

Жергиликтүү басылмалардын кабарлашынча, Мавлуда Олилова даярдаган тамактан жалпысынан тогуз киши ууланган. Дарыгелер анын бир жарым жаштагы баласын, кайнене менен кайнатасын аман алып калышкан.