Президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук Кеңешин чукул жыйынга чакырды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.
Сооронбай Жээнбеков 7-августта өзүнүн кыска мөөнөттүү эмгек өргүүсүн токтотуп, Бишкек шаарына жөнөп кеткен.
Мамлекет башчысы азыр Бишкек шаарында. Бүгүн 8-августта, эртең менен Президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрөт.